Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

ЖК V-чакырылыштын депутаттары

АЛЫМБЕКОВ
ЗАМИРБЕК
МАДАНБЕКОВИЧ

Жогорку Кеӊештин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары

1965-жылдын 28-майында Баткен облусунун Баткен айылында туулган. Билими – жогорку.

 

1987-жылы К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун «агроном» кесиби боюнча аяктаган.

1990-жылдан тартып 1993-жылдан тартап Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Экономика институтунда аспирантурадан окуган.

 1992-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде «укук таануу» кесиби боюнча окуган.

Өз эмгек жолун 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинде жетектөөчү адис катары иштөөдөн баштаган.

1994-жылдын январь айынан тартып 1995-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жардамчысы болуп иштеген.

1995-1997-жылдары Жалал-Абад салык инспекциясынын инспектору.

1997-1999-жылдары «Бакай» Акционердик коомунун Жалал-Абад филиалынын директору.

1999-жылдан тартып  2000-жылга чейин Кыргыз Тамекиси» МАКтын  «Айып-Булак» Акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары, ал эми 2000-жылдан тартып төрага.

2005-жылдын апрель айынан тартып 2006-жылдын май айына чейин Ош шаарынын «ЖБИ-20» ЖАКтын аткаруучу директору.

2006-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттигинин аппарат жетекчиси.

2010-жылдын ноябрь айында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасаынын Жогорку Кеӊешинин  V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2010-жылдан тартып 2012-жылга чейиин Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча Комитеттин төрагасы.

2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары. Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеӊешчиси.

Экономика илимдеринин кандидаты.